Парламент ЕАЭБ менен Ирандын эркин соода тууралуу макулдашуусун ратификациялады

Мыйзам долбоордун максаты 2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербургда кол коюлган макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы "Эркин соода жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.
Аталган мыйзам долбоордун максаты 2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербургда кол коюлган макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Ага ылайык, импорттук бажы алымы 17 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөйт. https://sputnik.kg/20240611/yeaeb-iran-eksport-kyrgyzstan-1085968383.html
ЕАЭБ жана Иран төмөнкүдөй пайда көрөт:
Иран менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ тышкы экономикалык ишмердүүлүк товар номенклатурасынын 88 пайызына преференция алат;
ЕАЭБ менен соодада Иран тышкы экономикалык ишмердүүлүк товар номенклатурасынын 87 пайызына преференция алат;
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сатуучулары Иран рыногуна продукцияларды жеткирүүдө импорттук бажы алымдарын төлөөдөн жыл сайын 380 миллион долларга чейин үнөмдөй алышат.
ЕАЭБдеги кондитердик өндүрүштү колдоого алган чара кабыл алынды