Жакында республика боюнча 6 жаңы мал базар ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Өлкөнүн ар аймагында алты жаңы мал базар курулуп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кочкордо, Лейлекте, Ноокенде, Сокулукта бирден жана Кадамжайда эки мал базардын курулушу аяктап, ишке берилгени турат.
Республикадагы 44 мал базардын 15и ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Ал эми 29 мал базарды талаптагыдай кылуу иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Баткенде 23 млн. сомго бүт шарттары менен курулган мал базардын сүрөттөрү