НАТО жаңы башкы катчысын бекитти

Йенс Столтенберг жаңы жетекчи тууралуу X социалдык тармагына НАТО "ишенимдүү колдо" экенин жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. НАТО Нидерланддардын премьер-министри Марк Рюттени өзүнүн кезектеги башкы катчысы кылып бекитти. Бул туурасында РИА Новости France-Presse агенттигине таянып кабарлады.
"НАТО Нидерланддардын премьери Марк Рюттени кезектеги жетекчиси кылып дайындайт", — деп айтылган маалыматта.
Бул кишинин аталган уюмду жетектеши дагы бир талапкер Румыния президенти Клаус Йоханнис өзүнүн талапкерлигин алып койгондон кийин болду.
Йенс Столтенберг жаңы жетекчи тууралуу X социалдык тармагына НАТО "ишенимдүү колдо" экенин жазды.
Рютте өзү аталган мамлекеттин премьерлигинен кеткенден кийин үч ай эс алып, андан соң НАТОдогу ишине киришерин айтты.
Түндүк альянсты Столтенберг 2014-жылдан бери башкарып келет. Бул кызматынан 2022-жылдын 1-октябрында кетиши керек эле. Анткен менен уюмга мүчө болгон өлкөлөр анын мандатын быйылкы жылдын 30-сентябрына чейин, андан соң дагы бир жылга узарткан. Ошентип 2024-жылдын 1-октябрында анын ыйгарым укуктары аяктайт.
Столтенберг: НАТОнун жаңы баш катчысынын аныкталарына аз калды