Мугалимдер эмгек өргүүгө канча сом алат? Министрлик быйылкы сумманы айтты

Министрлик ар аймакта айрым мугалимдердин колуна алган өргүү акысын тизмектеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Билим берүү министрлиги мугалимдерге июнь айынын эмгек өргүүсү төлөнгөнүн айтып, кайсы аймакта кандай чегерилгенин айтып берди.
Ага ылайык, мугалимдердин жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттын көлөмү 7 миллиард сомду түзгөн.
Кайсы жерде канча сомдон чыккан:
Бишкекте кыргыз тили мугалиминин өргүүгө чыгуусуна максималдуу 102 миң сом чегерилип, колуна 82 миң сом алды;
Ош шаарында физика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алды;
Аламүдүн районунда орус тили мугалиминин өргүүгө чыгуусуна 143 миң сом чыгып, колуна 115 миң сом алды;
Ат-Башы районундагы мугалимге өргүү үчүн 94 миң сом чегерилип, колуна 77 миң сом алды;
Москва районунда математика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 104 миң сомду түзүп, колуна 84 миң сом алды.
Пресс-борбор
Министр медиктердин маянасы 50-100 пайызга көтөрүлөрүн билдирди