Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаевдин талапкерлиги сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаевдин талапкерлиги сунушталды.
Ал бүгүн жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулуп, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Учурда анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин комитетинде каралууда.
Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда отставкага берген. Анын арызын бүгүн парламент карап кабыл алган.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нургүл Салиева дайындалды