Мамлекеттик капитализм — бул капиталисттердин эң күчтүүсү мамлекет өзү болушу шарт деген кеп. Соңку учурларда биздин өкмөт мамлекеттик капитализмге өтүү зарылдыгын айтып жатат. Бирок биз учурда жашап турган неолиберализм буга түп-тамырынан каршы келет. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик капитализмди орнотуу үчүн анын механизмдери өтө маанилүү.
"Мамлекеттик капитализмди Чыгыш өлкөлөрү: Япония, Түштүк Корея, Сингапур сыяктуу мамлекеттер мыкты ишке ашырды. Азыркы учурда Россия Федерациясы да бул ыкманы ийгиликтүү колдонуп жатат. Бирок биз Япония же Россия эмеспиз. Алар сыяктуу экспорттук өлкө боло элекпиз. Мүмкүнчүлүктөрүбүздө кескин айырма бар. Ошентсе да мамлекет капиталист болуп, экономикабызды өнүктүрүү аракеттерин көрсөк болот. Ал үчүн туура механизмдер керек. Стратегиялык пландар иштелип чыгуусу зарыл. Биз учурда неолиберализм же болбосо рыноктук экономикада жашап турабыз. Бул система мамлекеттин капиталист болушуна каршы келет. Биз алгач андан баш тартып, акырындык менен ишке ашуучу пландарды бекемдеп алышыбыз зарыл. Мисалы, мамлекеттик капитализмге өтүүдөгү кадамдардын бири катары учурда колго алынып жаткан "мамлекеттик жана жеке менчик өндүрүшү" (ГЧП — ред) ыкмасына токтоло турган болсок, мында биз жөн гана жеке секторго берип коюп жатабыз. Ал эми классикалык мамлекеттик капитализмде мамлекеттик ири ишканалар өйдө жагында туруп башкарышат", — деди Мамытов.
Ал мамлекеттик капитализмди учурда Кытай ийкемдүү колдонуп жатканын кошумчалады.