Радио

Чет өлкөдө соттолгон 43 кыргызстандыкты мекенге кайтаруу иши жүрүүдө

Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын улук прокурору Назарбек Кенжеев жыл башынан бери чет өлкөдө соттолгон 32 жаран жазасын Кыргызстанда өтөөнү улантуу үчүн которулганын айтты.
Sputnik
Азыркы тапта чет өлкөдө абакта отурган 43 жаранды которуп алуу иштери жүрүүдө. Анын 40ы Россиядан, үчөө Казакстандан экенин Назарбек Кенжеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Улук прокурордун айтымында, чет өлкөдө эркинен ажыратылгандарды жазасын андан нары өтөө үчүн өз өлкөсүнө өткөрүп берүү эки тараптын келишимдеринин негизинде ишке ашат.
"Кыргызстан — укуктук жардам көрсөтүү, соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө эки жана көп тараптуу келишимдердин мүчөсү. 1998-жылдын 6-мартында КМШ мамлекеттери "Эркинен ажыратылгандарды андан нары жазасын өтөө үчүн мекенине өткөрүп берүү" конвенциясын кабыл алышкан. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Азербайжан, Армения жана Тажикстан өлкөлөрү мүчө. Конвенцияда соттолгон жаран которуу жөнүндө арызы менен кайрыла алары жазылган. Ошондой эле анда чектөөлөр дагы бар. Эгер жабырлануучуга келтирилген моралдык же материалдык жактан келтирилген зыяндын орду толтурулбаса соттолгон жаран которулбайт. Мындан тышкары, соттолгон адамдын жаза мөөнөтү аяктаарына саналуу айлар, күндөр калса да которулбай калышы мүмкүн. Анткени соттолгондорду кайтаруу иштери көп убакытты талап кылуучу жол-жобо болуп саналат", — деди Кенжеев.
Ошондой эле ал мамлекеттердин соттолгондорду өткөрүп берүү жол-жобосу айырмаланып турарын кошумчалады.