Каалагандар ижарага алса болот. ӨКМ тик учактары боюнча түшүндүрмө берди

Министрликте тик учактын үч түрү бар. Алар мамлекеттин ишине, ошондой эле коммерциялык багытта да колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учактын ижарасы боюнча түшүндүрмө берди.
Эске салсак, Буга чейин мамлекет башчынын инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын колун шаан-шөкөт менен сураган видео тараган. Анда ӨКМдин учагы колдонулуп, соцтармакта кызуу талкуу жараткан. Натыйжада өлкө башчы бул боюнча өзүнүн комментарийин берген.
ӨКМ 21-июнда аталган тик учакты Афтандил Сабырбеков аттуу адам бир саатка ижарага алуу боюнча келишим түзүп, акчасын төлөгөнүн билдирди. Ал 24-июнда 56 мүнөт учуп, ижарага берүү мыйзамдуу болгону айтылды.
"Министрликте тик учактын үч түрү бар. Алар мамлекеттин ишине, ошондой эле коммерциялык багытта да колдонулат. Мамлекеттик, министрликтин ишмердүүлүгү үчүн тик учактардын чыгымы бюджеттик каражаттын эсебинен камсыздалат. Ал эми жеке жактарга ижарага берилгенден көргөн пайда мамлекетке түшөт. Тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп калат", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле мекеме Н-125 Airbus тик учагын саатына 157 миң 662 сом, ал эми Н-145 Airbus тик учагын 262 770 сомго бардык каалоочулар ижарага алса болору кошумчаланган.
Кыргызстандын тоолорунан жаракат алган россиялык турист куткарылды