Кыргызстан биологиялык коопсуздук жаатында Россия менен кызматташат

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 25-июнда Бишкекте биологиялык коопсуздук маселелери боюнча ведомстволор аралык орус-кыргыз консультациялары өттү. Бул тууралуу РФтин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Анда дипломаттар Кыргызстан менен Россиянын аймагындагы биологиялык коркунучтарга баа берген докладдары менен алмашкан. Мындан тышкары, аталган тармакта коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык меморандумду ишке ашыруу каралды.
Жолугушууда Россия менен Кыргызстан биологиялык коопсуздукту камсыздоого бирдиктүү көз карашта экенин тастыкташты. Ошондой эле Биологиялык жана уулуу куралга тыюу салуу жөнүндө конвенциянын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу белгиленди.
Пресс-борбор
Кыргызстан Россия менен биокоопсуздук жаатында кызматташуудан эмне табат?