Чуңкурчак жайлоосунда Кымыз фестивалы өтөт

Чуңкурчак капчыгайында өткөн Кымыз-Фест-2023 фестивалында улуттук кийимчен кыз. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 6-июлда Чуңкурчак жайлоосунда KYMYZ-FEST иш чарасы өтөт. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл фестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.
Уюштуруучулар белгилегендей, фестивалда ар кандай көргөзмөлөр, жети дубандан келген кымыздын түрлөрү жана кыргыз ашканасы менен таанышууга мүмкүн болот. Мындан тышкары, боз үйлөр шаарчасы курулуп, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, улуттук оюндар көрсөтүлөт.
Иш-чара эртең менен саат 10:00дө башталары кошумчаланды.
Нарныдагы Кыргыз шырдагы фестивалы. Архив
Нарында салтка айланып калган эл аралык шырдак фестивалы өтөт