Чет элдиктерди онлайн каттоого болот. Түшүндүрмө

Онлайн-каттоону кабыл алган тарап — кыргызстандыктар, туруктуу жашоого уруксаты же турак жайы бар чет элдиктер жана юридикалык тараптар жасай алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги чет элдиктер менен жарандыгы жок кишилерди кантип онлайн катташ керектигин айтып беришти.
Маалымат кызматы Калкты каттоо департаменти тышкы миграция боюнча каттоо жүргүзгөн бирдиктүү система менен аталган ведомствонун өлкөнүн кайсы жери болбосун аймактар аралык бөлүмүндө же Калкты каттоо борбору аркылуу келген жерине карабай ишке ашырарын эске салды.
Андан сырткары, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайты иштейт, бул жарандарга региондор аралык бөлүмдөргө же калкты тейлөө борборлоруна барып жүрбөй эле каттоону аралыктан жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Учурда катталуу үчүн 30 000 арыз түшкөн (анын ичинде кайра каттоо жана узартуу да бар).
Кабыл алуучу тарап катары чыккан жана сайтта өзүнүн жеке кабинети бар кыргызстандыктар, юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар (туруктуу жашап турууга же турак жайга уруксаты барлар) онлайн-каттоону жүргүзө алышат.
Жеке жактар:
ким экендигин күбөлөндүргөн документтердин маалыматтарын, ошондой эле турак жайга же башка жайга менчик укугун ырастаган документтерди киргизүү аркылуу "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтында авторизациялоо жол-жобосунан өз алдынча өтүшөт;
документтердин түп нускасынан сканерден өткөрүлгөн JPEG форматындагы электрондук көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук арызды толтурат;
жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берет жана электрондук арызды ырастайт.
Юрдикалык жактар:
жеке кабинетти каттоо үчүн юридикалык жактар Калкты каттоо департаментине кайрылышы керек. Андан сырткары, электрондук jaran@drnags.srs.kg почтасына же электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук кат жөнөтүшү шарт. Ошол эле учурда бардык документтер түп нускадан JPEG форматында өзүнчө файлдар менен сканерлениши зарыл.
Кошумча маалыматты 0999-38-00-25, 0312 38 00 98 телефондору боюнча алууга болот. Андан сырткары, Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти, 381, 3-кабат, 304-кабинетке барып Калкты каттоо департаментинин миграция бөлүмүнөн алуу мүмкүнчүлүгү бар.
"Манас" аэропорту топтолгон пакистандыктар боюнча түшүндүрмө берди