БУУ — дүйнөдөгү чатактарды алдын алуучу уюм, бирок... Видео

Бириккен Улуттар Уюму — дүйнөлүк чатакты болтурбоо үчүн ишенимдер тагылган уюм. Бүгүнкү күндө ат көтөргүс бул жүктү тиешелүү түрдө алып барып жатабы?
Sputnik
БУУнун мүмкүнчүлүгү жетип турса да бир топ чатакты алдын ала албай койду.
1999-жылы НАТО БУУнун уставын бузуп Югославияны бомбалап, анын кесепетинен 1700гө чукул жай жаран каза тапты;
2008-жылы Косово жалпы элдик добуш берүү болбой туруп, өзүн бир тараптуу "көз карандысыз" деп жарыялап алды. БУУнун соту ал чечимди колдогон.
Бул Эл аралык сот Каталониядан Түндүк Кипрге чейинки ондогон "боштондукчуларга" "даңгыр жол" ачып берген прецедент эле. Бирок "улуттун өзүн аныктап алган укугу" Түштүк Осетияда, Абхазияда, Донбасста, Херсон жана Запорожье облустарында ишке ашкан жок.
"Каардуу жана адилетсиз мамиле жасалса элдин мамлекеттен бөлүнүп кетүү укугу бар. Өзүнчө бөлүнүп кетүү — калктын жоготуулары менен чыгымдарынын ордун толтурат", — деп айтылган БУУнун "бөлүнүп кетүү укугу" туурасында.
Тема боюнча:
НАТОнун Югославияны бомбалоосу: кыйылган өмүрлөр, кыйраган экономика