Бишкекте экинчи Тез жардам клиникасы ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкекте экинчи Тез жардам клиникасы ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди.
Анын айтымында, шаарда калктын саны өсүп, суткасына 200-300гө чейин адам тез жардамга кайрылууда.
"Учурда Бишкекте бир эле Тез жардам клиникасы бар. Шаар чоңоюп жаткандыгына байланыштуу мурдагы Аламүдүн облустук оорукананы экинчи Тез жардам клиникасы кылганы жатабыз", — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле ал Тез жардам кызматы өлкөдө акысыз тейлей турганын кошумчалады.
Медициналык мекемелердин техникалык базасын жакшыртууга каражат бөлүндү