Акылбек Жапаров кытайлык компаниялардын жетекчилери менен жолукту

Минкаб төрагасы кытайлык компанияларга энергетика тармагында кызматашууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кечээ, 25-июнда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында кытайлык компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 3

Кечээ, 25-июнда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында кытайлык компаниялардын жетекчилери менен жолукту

2 / 3

Кабарга ылайык, Жапаров TBEA Company Limited компаниясынын президенти Чжан Синь жана Кытайдын улуттук ядролук корпорациясынын (CNNC) төрагасынын орун басары Лу Течжун менен жолукту

3 / 3

Өкмөт башчы ТВЕА компаниясын Кыргызстанга кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү үчүн иштешүүгө чакырган. Тактап айтканда, электр унааларын кубаттоочу ыкмаларды ишке киргизүү жана орнотуу тууралуу кеп болгон

Кабарга ылайык, Жапаров TBEA Company Limited компаниясынын президенти Чжан Синь жана Кытайдын улуттук ядролук корпорациясынын (CNNC) төрагасынын орун басары Лу Течжун менен жолукту.
Өкмөт башчы ТВЕА компаниясын Кыргызстанга кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү үчүн иштешүүгө чакырган. Тактап айтканда, электр унааларын кубаттоочу ыкмаларды ишке киргизүү жана орнотуу тууралуу кеп болгон.
"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагында кызматташуу маселелери, өзгөчө күн электр станцияларын куруу боюнча сөз болду. Ошондой эле экономиканын башка тармактарындагы долбоорлорду да ишке ашыруунун келечегин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында "Кара-Талаа участкасына жалпы кубаттуулугу 400 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндөгү" инвестициялык долбоорго кол коюлганы белгиленди.
Акылбек Жапаров иш сапары менен Кытайдын Үрүмчү шаарына барды