Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?

Sputnik
Жаңы кыргыз мамлекетчил болуш керек, дешет айрымдар. Жаңы кыргызды улутчул көргөндөр бар. Жаңы кыргыз ааламдашуу доорунда тескерисинче улутчул да, мамлекетчил да болбошу керек, деген пикирди кармангандар да жок эмес. Дүйнө өзгөрүп жаткан доордо Кыргызстан да өз багыттарын аныктап, жаңы өлкө курууга далалаттанып турат. “Кадрлар баарын чечет” деп И. В.Сталин айткандай жаңы Кыргызстанды курууда жаңы кыргызстандыктар кандай болушу зарыл?
Бул суроого жоопту 40 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар педагог, коомдук ишмер Дүйшөн Батырбеков менен талкуулап көрдүк.