КМТУнун QS World University Rankings 2025 тизмесине киргени чоң жетишкендик. Окуу жайда студенттерди окутуу кандай жүрөт?

Sputnik
Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети биринчи жолу абройлуу QS World University Rankings 2025 тизмесине кирди. Бул жылкы университеттердин рейтинги Quacquarelli Symonds компаниясы тарабынан түзүлдү, ал 2004-жылдан бери дүйнөдөгү эң белгилүү рейтингдердин бири болуп эсептелет. QS жогорку окуу жайларды бир нече негизги критерийлер боюнча баалайт, анын ичинде окутуунун сапаты, чет элдик студенттер менен окутуучулардын саны, илимий изилдөө ишмердүүлүгү, иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү жана бүтүрүүчүлөр менен иш берүүчүлөрдүн пикирлери да бар экенин илим боюнча проректор Алмаз Арзыбаев ошондой эле техникалык илимдеринин доктору, профессор жана КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери Эркин Боронбаев айтып берди.