Жулиан Ассанж британ түрмөсүнөн бошотулду

Ассанж WikiLeaks сайтын негиздеп, ага жашыруун деген маалыматтарды жарыялап, дүйнөлүк атакка ээ болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жулиан Ассанж Британияда абактан бошотулуп, мекени Австралияга учуп кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, АКШга экстрадициялоого каршы болуп 1 901 күн абакта болгон Ассанжды Лондондогу сот күрөө менен эркиндикке чыгарган.

"Беш жылдан ашык камактан соң ал жакында жубайы Стелла Ассанж жана балдары менен жолугушат", — деп жазылган маалыматта.

Ассанждын бошотула турганы кабарланганга чейин ал Америка прокуратурасы менен келишкени кабарланган. Макулдашууга ылайык, Ассанж күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алып, буга чейинки абактагы күндөрү жаза өтөө мөөнөтүнө чегерилмек.
CBS телеканалынын маалыматында, келишим Ассанжга каршы бардык юридикалык дооматтарды чечиши керек. Телеканал шаршемби күнү маселе АКШнын Тынч океандагы ээлиги болгон Түндүк Мариана аралдарынын Федералдык округдук сотунда толук чечилерин кабарлаган.
Ассанж WikiLeaks сайтын негиздеп, дүйнөлүк атакка ээ болгон. Аталган сайтта жүз миңдеген жашыруун материалдар, анын ичинде Багдадда америкалык тик учактын чабуулунан жай тургундар каза болгону тууралуу видеотасмалар жарыяланган.
Британ полициясы Жулиан Ассанжды 2019-жылы апрелде кармап, майда Лондон соту 50 жумага камакка алган. Ага чейин, 2012-жылдан бери, ал Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап келген.
АКШлык журналист Карлсондун Путинден алчу маеги эмитен көп сөздүн башы болууда