Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө аба каттамдар 1-июлдан тарта жанданат

Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. – Sputnik. Жалал-Абад шаарынан Ысык-Көлгө аба каттамдар 1-июлдан тарта жанданат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту кабарлады.
Маалыматка караганда, Tez Jet авиакомпаниясынын учактары жумасына төрт жолу каттайт. Жүргүнчүлөрдү 96 орундуу британиялык “АвроЖет – 85”учагы тейлейт.
Tez Jet авиакомпаниясы 21-июндан тарта Ош – Ысык-Көл аба каттамын аткара баштаган.
Оштон Ысык-Көлгө сезондук аба каттам жанданды