ЕАЭБдеги кондитердик өндүрүштү колдоого алган чара кабыл алынды

Уюмдун кокос күкүмүнө болгон муктаждыгы толугу менен импорт аркылуу жабылат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясы 2027-жылдын 31-июлуна чейин кургатылган кокос жаңгагын бажы алымысыз импорттоо чечимин кабыл алды.
ЕЭКтин маалымат кызматы билдиргендей, чечим жарыялангандан 30 күндөн кийин күчүнө кирет. Учурда бул продукцияны ташып кирүүгө бажы алымы үч пайызды түзөт.
"Максат — кокос күкүмүнүн өздүк наркын төмөндөтүү. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кондитердик продукциясынын экспортун өстүрүп, тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу", — деп айтылат маалыматта.
Уюмдун кокос күкүмүнө болгон муктаждыгы толугу менен импорт аркылуу жабылары кошумчаланды.
ЕАЭБдин айыл чарба өндүрүшү 136 млрд. долларга бааланууда