Бүгүн Якутскиде кыргызстандыктар катышкан "Азия балдары" оюндары башталат

Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бүгүн, 25-июнда, Россиянын Якутск шаарында "Азия балдары — 2024" эл аралык спорттук оюндары башталат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы боюнча, мелдешке 187 кыргызстандык спортчу катышмакчы.
"Алар спорттун 22 түрүндө күч сынашат", — деп билдиришти министрликтен.
"Азия балдары" оюндары 7-июлга чейин өтөт. Алгачкы мелдеш 1996-жылы Якутск шаарында болгон. Быйыл иш-чарага 25 өлкөдөн келген үч миңден ашуун жаш спортчулардын катышары күтүлүүдө.
БРИКС оюндарында кыргызстандыктар 51 медаль алып, жалпы эсепте 9-орунга чыкты