Радио

Эндокринолог: көп кыймылдабаган адам тез салмак кошот

Эндокринолог, нутрицолог Асылкан Молдобаева туура тамактануунун жана туура арыктоонун жолдору тууралуу айтып берди.
Sputnik
Мындан 10-15 жыл мурун медицина холестеринди көтөрөт, жүрөк ооруларын козгойт деп майдан баш тарткан эле. Эми эттин майын тамак-аш рационунда колдонуу чечимине келди. Бул тууралуу Асылкан Молдобаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туура тамактанууда суусундук катары ширелерди да ашыкча ичүүгө болбойт. Алар салмак кошот. Мисалы, жарым литр Coca-Cola суусундугунда 10 кашык шекер бар, аны организмден чыгарып салуу үчүн жок дегенде беш чакырым жөө басышыбыз зарыл.

"Туура тамактануу — бул белок, углеводдордун жана майлардын балансынын сакталышы. Тарелка ыкмасы менен да туура тамактанса болот. Анда тарелканын жарымын татаал углеводдор түзсө, жарымын жашылча-жемиш ээлеши керек. Ал жакка сөзсүз укроп, сельдерей кошулушу шарт. Анда бардык өңдөгү жашылчалар болушу керек. Тарелканын калган жарымын белоктор (тоок эти, жумуртка, балык, быштак), калган 25 пайызын күрүч, гречка, буурчактар ээлейт. Мындан 10-15 жыл мурун медицина холестеринди көтөрөт, жүрөк ооруларын козгойт дешип майлардан толук баш тарткан. Эми медицина эт майын тамак-аш рационунда толугу менен колдонуу чечимине келди. Себеби аларды жебей койсок боор холестеринди көп чыгарып баштайт. Холестерин көтөрүлгөндө кан басым жогорулап, жүрөк оорулары козголот. Демек, майды толугу менен тамак-аштан чийип салуу туура эмес. Ошондой эле көптөгөн гормондор, өзгөчө аял, эркектерге тийиштүүлөрү майдан синтезделип жасалат. Холестеринди сырттан албай койсок анын ордун толтуруу үчүн боор өзү сапатсыз ашыкча холестериндерди иштеп чыгып коюшу мүмкүн. Мындан тышкары, күнүнө 2 литр суусундук ичүү зарыл. Андан ашыгы бөйрөккө күч келтирет", — деди Молдобаева.

Ал жеген тамактын калориясын кыймыл-аракет менен сыртка чыгарбасак салмакка кетерин кошумчалады.