Таласта мөндүр 50 гектардан ашык эгин талаасын талкалап кетти

Материалдык чыгымды аныктоо боюнча иштер бүгүн жүргүзүлөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Талас облусунун Бакай-Ата районунда мөндүр аралаш жамгыр жааганын ӨКМден билдиришти.
Табигый кубулуштун кесепетинен Кыргызстан, Жон-Коргон жана Биринчи май айылдарында 50 гектардан ашык эгин талаасы зыян тарткан. Ал эми Боо-Терек айылында катуу шамал 15тен ашык үйдүн чатырын учуруп кеткен.
Материалдык чыгымды аныктоо боюнча иштер бүгүн жүргүзүлөрү белгиленди.
Баткендин үч районун сел каптады. 5 жашар бөбөк көз жумуп, миңдей адам көчүрүлдү