Талас — Чаткал — Ташкент автожолу курулат. Жол картасы даярдалууда

Долбоор ишке ашса өз ара соода жүгүртүү жогорулап, эки өлкөнүн туристтик потенциалы жакшырары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кытайга иш сапары менен барган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Үрүмчүдө жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Чаткал дарыясына ГЭС куруу боюнча сүйлөшүлдү. Ошондой эле Талас — Чаткал —Ташкент унаа жолун куруу долбоору талкууланды. Учурда анын жол картасы дааярдалууда. Долбоор ишке ашса өз ара соода жүгүртүү жогорулап, эки өлкөнүн туристтик потенциалы жакшырары белгиленди.
Мындан тышкары, Кыргызстандан Өзбекстанга көмүр жеткирүүчү ленталык конвейерди жана көмүр логистикалык борборун куруу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүү тууралуу кеп болду.
Эске салсак, Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Кытайдын Үрүмчү шаарына барган. Анын алкагында "Кытай - Евразия ЭКСПО" эл аралык көргөзмөсүнө катышып, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун жетекчилиги жана корпорация башчылары менен жолугары кабарланган.
Ташкенттен келген алгачкы учакты Тамчыдан салтанаттуу тосуп алышты. Видео