Соода агымдары Европаны кыйгап өтүүдө. Инфографика

Узундугу жети чакырымга созулган Түндүк — Түштүк транспорттук жаңы коридору Санкт-Петербургдан тарта Индия, Ирандын портторуна чейин созулат. Ал салынып, жаңыланып бүткөндөн кийин жүктөрдү ташып жеткирүүнүн мөөнөтү Суэц каналына салыштырмалуу эки эсе кыскарат.
Sputnik
Аталган коридорду өнүктүрүү Каспий боюндагы мамлекеттерге, Арменияга пайдалуу болот.
Россия 2030-жылга чейин аны жакшыртууга 280 миллиард рубль инвестиция салуу ниетинде. Бул жол менен Россиянын ички райондорунан дан, тактай, жер семирткич, металл жана жүк салынган контейнерлерди ташуу ыңгайлуу болот.
Кечээ аталган каттам менен алгачкы ирет Кузбасска Индиядан көмүр жөнөтүштү.
Түндүк деңиз жолу — Европадан Азияга кетчү кыска жол. Аны менен кетчү жүк агымын 2022-жылы 34 миллион тоннадан 2035-жылга карата 220 миллионго жеткирүү пландалууда.
Россиялык нефтичилер санкция шартында Түндүк деңиз жолун нефть менен газды жеткирүүдө барган сайын көбүрөөк колдонуп келүүдө.