Ысык-Көлдө өтүп жаткан иш-чарада жаштардын шайлоодогу ролу талкууланды

Жолугушууда жаштардын шайлоо жана референдумдарга катышуусу, аларды коопсуз уюштуруудагы орду талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында "Таврический" жаштардын эл аралык талкуу клубунун жыйыны өттү. Бул тууралуу КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынан билдиришти.
Иш-чара КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Демократияны өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институтунун Бишкектеги филиалынын жана КУУ уюштурган шайлоо мектебинин "Жаштар жана шайлоо: демилгелүүлүк, жоопкерчилик, коопсуздук" программасынын бөлүгү болду.
Ага Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан мугалим, студенттер жана аталган институттун Баку, Ереван жана Бишкектеги филиалдарынын эксперттери катышты.
Жыйында жаштардын шайлоо жана референдумдарга катышуусу, аларды коопсуз уюштуруудагы орду талкууланды. Катышуучулар саман-топон болгон үгүт материалдар жаштарды шайлоого катышууга кызыктырбай жатканын белгилешти. Алардын пикиринде, үгүт өнөктүгүндө социалдык тармактарды колдонуу жаштарды шайлоо процессине аралашуусуна кызыгуусун туудурат.
Талкууда шайлоо жана референдум жөнүндө маалыматтар оюн, дебат форматында кызыктуу берилиши керектиги айтылды.
Жыйынтыгында катышуучулар бул багыттагы маселелерди келечекте уюштурула турган шайлоо мектептеринин аянтында талкуулоо зарылдыгына токтолушту.
Шайлоо мектеби: БШК төрайымы шайлоодогу жаңы технологиялар тууралуу айтты