Путин менен Эрдогандын Астанада жолугары айтылды

Президенттер Украинадагы кырдаалды жана эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулай турганын кабарлашты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган Россия президенти Владимир Путин менен Казакстанда жолугуп, сүйлөшүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жакынкы күндөрү президент мырза Путин мырза менен Казакстанда жолугушу мүмкүн", — деген Фидан Habertürk каналына интервью берип жатып.
Ал арада Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новости басылмасына Путин менен Эрдоган жакын арада Астана шаарында жолугушу мүмкүн экенин тастыктаган.
Президенттердин Украинадагы кырдаалды жана эки тараптуу маселелерди, тагыраагы, Түркиядагы ири газ хабын курууну талкуулай тургандыгы айтылууда.
Путин менен Эрдоган Газанын айланасындагы кырдаалды талкуулады