Каракчылыкка шектелген жаран Польшадан Кыргызстанга экстрадицияланды

Шектүү 2015-жылы шериги менен жабырлануучунун 1 миллион 30 миң долларын коркутуп тартып алган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Каракчылыкка айыпталган кыргыз жараны Варшавадан Бишкекке экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өзгөчө ири өлчөмдө каракчылык боюнча кылмыш Кызыл-Кыя шаарынын ИИБинде тергелип жаткан.

"2015-жылы Баткен облусунун аймагында шектүү башка шериктери менен бирге Ы.Ж. аттуу кишиге зомбулук көрсөтүп, 1 миллион 30 миң долларын тартып алышкан", — деп жазылат маалыматта.

Учурда шектүү Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүп берилгени кошумчаланды.
УКМК Ошто интернет-шылуундардын уюгун аныктады