Радио

Чокоева: быйыл жайкы эс алуу лагерлеринде шарттар жакшырды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетектөөчү адиси Алия Чокоева оор турмуштук кырдаалдагы балдардын жайкы эс алуусуна бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйтүлгөнүн айтты.
Sputnik
Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга 15 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Алия Чокоева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жолу жылдагыдан көбүрөөк баланы эс алдыруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, миңдей бала лагерге жөнөтүлөт.

"Былтыр өлкөнүн аймактарынан жалпы 555 бала Ысык-Көлгө лагерге жөнөтүлгөн. Бул сан аябай аз болуп калгандыктан быйыл каражаттын көлөмүн көтөрүүнү суранганбыз. Балдардын жай мезгилиндеги эс алуусу үчүн шарттар жакшырды. Ошондой эле Ысык-Көлгө жеткирүү да жеңилдеп, Баткен, Жалал-Абад жана Ош аймактарынан балдар Бишкекке учак менен келишти. 1-июлдан тарта Оштон Ысык-Көлгө түз каттам ачылат. Мында балдардын жолго кеткен убактысы кыскарып, коопсуздугу сакталат. Балдар "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунда жети күн эс алышат. Ал жакта алар үчүн оюн-зоок, билим берүү программалары уюштурулган. Ошондой эле үч маал тамак берилип, муну менен балдарды туура тамактанууга үйрөтүп жатышат. Балдар Ысык-Көлгө алтыга бөлүнүп барып, эс алышат. Бүгүнкү күндө биринчи бөлүгүндө оор турмуштагы үй-бүлөлөрдүн балдары жана мектепте жакшы окуган окуучулар эс алып жатышат. Арасында учакка биринчи жолу түшүп, Ысык-Көлгө алгачкы жолу баргандары бар. Бул да болсо балдардын жашоого болгон көз карашын өзгөртүп, унутулгус күндөрдү тартуулайт. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар сентябрь айында жөнөтүлөт. Аткени бул убакта Ысык-Көлдүн абасы тазарып, аталган борбордун кызматкерлери жана дарыгерлер ар бир балага аяр мамиле кылууга даяр болушат", — деди Чокоева.

Ал лагердеги балдардын коопсуздугу сакталарын кошумчалады.