ӨКМ сел жүргөндө сактай турган эрежелерди эскертти

Министрлик турак жайды камсыздандыруу зарылдыгын да белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел болгон учурда адам коопсуздукту сактоо үчүн өзүн кандай алып жүрүшү керектигин түшүндүрдү.
Сакталчу эрежелер:
ӨКМ тарабынан таратылган SMS-билдирүүлөргө көз салып туруу;
сел агымы жакындап келе жатканын угуп-көргөндөн кийин бийик жерге чыгуу зарыл;
сел жүрүп жаткан жолдон унааны айдап өтпөңүз, кооптуу абал жаралышы ыктымал;
документтерди жана баалуу буюмдарды алдын ала даярдап койгула;
убакыт болсо үйдүн жогорку кабатына же чатырына керектүү буюмдарды чыгарып койгон оң.
Министрлик сел болушу мүмкүндүгүн билген соң суу, электр жарыгы жана газды өчүрүү зарылдыгын эскертет. 112 номерине кырсык тууралуу кабарлоону эске алыңыз. ӨКМ турак жайды камсыздандыруу керектигин да белгилеген.
Жер титирегенде эң оболу эмне кылуу керек? ӨКМдин кеңеши