Индиялык ЖМКлар премьер-министр Моди Россияга барарын жазды

Sputnik
БИШКЕК, 25-июн.— Sputnik. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 8-июлда Москвага бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу Tribune басылмасы маалымат булагына таянып жазды.
"Моди үчүнчү мөөнөткө өкмөт башчы болуп дайындалгандан кийин дароо эле Москвага барганы жатат. Муну жөн гана эмес, маанилүү жумушчу сапар катары кароо керек", — деген басылма.
Гезиттин маалыматына караганда, Модинин Россияга сапары Дели менен Москванын ортосундагы тарыхый өнөктөштүктү бекемдей турганы айтылды.
Индия: катары менен үчүнчү ирет премьер болгон Нарендра Моди ант берди