Радио

Кадыров: оңой акча азгырыгы мигранттарды кылмышка түртүүдө

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров чет жакта абакта отургандардын көбү баңгизат менен соттолгондор экенин айтты.
Sputnik
Чет өлкөдө жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардын саны 1500дөн ашат. Алардын көбү Россияда экенин Бакыт Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги чет мамлекетте жүргөн жарандардын укугу менен кызыкчылыгын коргоодо өз компетенциясынын негизинде иш алып барат.

"Биздин жарандардын көбү Россияда жашап, иштешет. Ошондой эле акыркы убакта Корея, Улуу Британия, Германияда да миграцияда жүрүшөт. Тилекке каршы, алардын арасында ар түрдүү кылмыш менен соттолуп кеткендери бар. Жалпысынан чет малекеттердеги түрмөлөрдө 1590го жакын жаран жазасын өтөөдө. Алардын ичинен Россияда 1289 адам, Казакстанда тогуз, Өзбекстанда 43, Иракта 41, Түркияда 31 жана Тажикстанда 25, Бирикккен Араб Эмирликтеринде 14, Кытайда 13, Кореяда сегиз, ошондой эле Европа өлкөлөрүндө жалпысынан алганда сегиз жараныбыз абакта отурат. Чет жакта сотттолгондорду жакындарынын суранычы, арызы менен жазасын мекенинде өтөшү үчүн Кыргызстанга которуу иштерин жүргүзүп келебиз. Көпчүлүгү жолугуу кыйынчылык жаратып жаткандыктан которууну суранып кайрылышат. ТИМ чет өлкөдөгү мекемелери менен ай сайын байланышып, бардык статистикаларды, маалыматтарды алып турат. Акыркы учурда бардыгына эле белгилүү болгондой, Россияда курьер кызматы аркылуу баңгизат жеткирип кармалгандардын саны көбөйүүдө. Андыктан биз мындай иштерди алдын алууда ИИМ менен биргеликте атайын видеороликтерди тартып, маалымат, билдирүүлөрдү таратып келебиз. Жалпы статистикалык маалыматтарга караганда, тез акча табам деген азгырык менен кылмышка барышууда. Булардын көбү орто эсеп менен жаштар", — деди Кадыров.

Ал чет өлкөдө соттолгондордун туугандарынан түшкөн ар бир арыз ТИМ тарабынан каралып, Башкы прокуратурага өз убагында жөнөтүлөрүн кошумчалады.