Макрон Путин менен диалогду улантмактыгын билдирди

Буга чейин Путин Россия Франция менен алаканы улантууга даяр экенин, жылуу-жумшак мамилени Макрон токтотуп койгонун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Франция президенти Эммануэль Макрон РФ лидери Владимир Путин менен диалогду улантмактыгын, тигил же бул тема боюнча сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какпай турганын билдирди. Ал Génération Do It Yourself (GDIY) подкастынын эфиринде сүйлөгөнүн РИА Новости жазды.

"Мен диалогдун күчүнө ишенем, Владимир Путин менен диалогду улантмакмын... Акыркы айларда (диалог — ред.) болгон жок, бирок тигил же бул темада, мисалы, өзөктүк электр станциялары тууралуу сүйлөшүү болушу мүмкүн. Канткен күндө да диалог уланышы керек деп эсептейм", — деген Макрон.

Ушул жылдын март айында Макрон France 2 телеканалына маек куруп жатып, Путин экөөнүн ортосундагы мамиленин салкын тартышы тууралуу айтылгандарды четке каккан. Ал Украинадагы жаңжалдын башталышында россиялык президент менен бир нече ирет телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып берген.
Буга чейин Путин Россия Франция менен алаканы улантууга даяр экенин, жылуу-жумшак мамилени Макрон токтотуп койгонун билдирген эле.
ЖМК: Макрон өзүнө жакын чөйрө менен болжолдуу отставкасын талкуулап жатат