Кыргызстандык окуучулар биринчи жолу Россиядагы балдар лагеринде эс алышат

Жыл сайын "Орлёнок" лагерине эс алууга КМШнын ар кайсы өлкөлөрүнөн 20 миңдей бала барат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар биринчи жолу Россиядагы "Орлёнок" балдар борборунун лагеринде эс алышмакчы. Бул тууралуу "Алтын түйүн" инженердик-техникалык академиясынан кабарлашты.
Делегациянын курамына академиянын сегиз тарбиялануучусу жана "Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз" эл аралык жаштар форумунда гран-прини жеңген Чүй, Ысык-Көл облустарынан эки жаш ойлоп табуучу кирген.
"Биздин өлкөнүн атынан лагерге окууда, ойлоп табууда ийгиликтерди көрсөткөн балдар, республикалык жана эл аралык техникалык сынактардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери бармакчы", — деп жазылат маалыматта.
"Орленок" лагери Кара деңиздин боюнда жайгашкан. Жыл сайын ал жакка КМШнын ар кайсы өлкөлөрүнөн 20 миң бала эс алууга барат. Балдардын бул сапары билим берүү, эс алуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо жаатындагы кызматташуу келишиминин аркасында ишке ашкан. Документке 2023-жылдын сентябрь айында "Алтын түйүн" жана "Орлёнок" компанияларынын өкүлдөрү кол коюшкан.
Кайра "Орлёноктун" балдары 26-июндан 5-июлга чейин Кыргызстанга келип, республикалык "Технодром" лагерине катышат. Иш-чараны Ысык-Көлдө "Алтын түйүн" академиясы уюштурмакчы.
Катаал аймакта жашаган 3 жашка чейинки бөбөктүн баарына жөлөк пул берүү колдоо тапты