Кыргызстанда жакынкы жылдары инфляция деңгээли кандай болот. Анализ

Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда инфляция Улуттук банктын аныктаганынан төмөнүрөөк болот. Бул туурасында Евразиялык банктын 2024-2026-жылдарга берген макроэкономикалык божомолунда айтылат.
Эске салсак, Улуттук банктын жакынкы же узак мөөнөттө жетүүгө тийиш деп өлчөнгөн планы 5-7 пайызды түзгөн.
Быйыл азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын өсүшү жайлап калгандыктан инфляция темпи да төмөндөй баштады. Аны менен катар эле аталган банктын аналитиктери баанын көтөрүлүшүн эртелеп божомолдоп, эсепке алган эмес. Эгерде апрелде инфляция 5,2 пайызды түзсө, майда 4,4 болуп түшүп кеткен.
Жылдар боюнча божомол:
2024 — 4,3 пайыз (болот деген көрсөткүчтөн төмөн);
2025 — 6,9;
2026 — 6,5.
Жаңы рекорд. Жыл ичинде Улуттук банктын резерви 1,2 млрд долларга өстү