Баткендин үч районун сел каптады. 5 жашар бөбөк көз жумуп, миңдей адам көчүрүлдү

Аймактык жарандык коргонуу кызматтары селдин кесепетин жоюп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорун сел каптап, беш жашар бала көз жумуп, миңден ашык адам коопсуз аймакка көчүрүлдү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнү менен аймактык жарандык коргонуу кызматтары селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларын жүргүзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, 47 турак үй, 113 жер тилке, беш социалдык объект, бир кичи футбол аянтчасын суу каптаган. Мындан тышкары, 17 ички чарбалык жол, 2,7 чакырым тосмо, бир көпүрө, 12 чарбалык курулуш, эки суу кампа, бир трансформатор зыян тарткан.

"Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү. Тилекке каршы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндөгү Жеңиш айылында 5 жаштагы бала каза болгон. Ошондой эле 70 жаштагы тургун ден соолугу начарлап, ооруканага жаткырылган. Абалы орто", — деп айтылат маалыматта.

Сел 8 бодо мал менен 42 баш майда жандыкты агызып кеткени кошумчаланды.
ӨКМ сел жүргөндө сактай турган эрежелерди эскертти