Кадамжайдагы селдин кесепетин 700дөй адам жоюуда. Видео

Баткен облусун аймагындагы селдин кесепеттери
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кадамжайдагы селдин кесепетин 700дөй адам жоюуда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ катуу жамгырдан улам Баткенде сел жүргөн. Натыйжада 1000дей тургун коопсуз жайга эвакуацияланган.
Суу 50гө чукул турак жайды, социалдык объект, инфраструктураларды каптап зыянга учураткан.
Киши сел жүргөн учурда көчөдө бара жатат. Архив
ӨКМ сел жүргөндө сактай турган эрежелерди эскертти