Быйыл да автоунаанын терезесин караңгылатууга акция жарыялоо каралып жатат

Былтыр ушундай акциядан бюджетке 184,3 миллион сом түшкөнү айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Өлкөдө кайрадан автоунаанын терезесин караңгылатууга акция жарыялоо каралууда. Бул боюнча тиешелүү токтом долбоорун Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыгып, өкмөт коомдук талкууга койду.
Эми автокөлүктөрдүн терезесин караңгылатууга уруксат берүү кызматы аралыктан көрсөтүлмөкчү.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында автоунаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү боюнча акция өткөрүү сунушталууда. Ал токтом кабыл алынгандан кийин 90 күнгө уланат.
Бир жылдык караңгылатууга уруксат алуу:
жеке жактар үчүн 50 миң сом (азыр 80 миң сом);
юридикалык жактарга 70 миң сом (азыр 100 миң сом);
чет элдиктер үчүн 90 миң сом (азыр 120 миң сом).
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматында, акция 2023-жылы да жарыяланып 60 күнгө созулган. Андан бюджетке 212,5 миллион сом түшкөн.
Ош облусунда жарандарга автоунаадан кичи автобустарга өтүү сунушталууда