Министрлик Европада ишке орноштурган компаниянын ишин токтотту

Мындай чечим компаниянын кызмат көрсөтүүсүн көпкө күтүү боюнча жарандардан түшкөн даттанууларга байланыштуу кабыл алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кыргызстандыктарга чет мамлекеттерден жумуш таап берген компаниянын ишин токтотту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, компаниянын лицензиясын токтотуу чечими жарандардан түшкөн даттануулардан улам кабыл алынды. Ага ылайык, компания элди көпкө күттүргөн.
Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн төмөнкү талаптар коюлду:
учурдагы маселелер чечилмейинче жана катталган кардарлардын алдындагы милдеттенмелер аткарылмайынча жаңы талапкерлерди тартууну токтотуу;
кызмат көрсөтүүнү көптөн бери күтүп жаткан бардык жарандарга акча каражаттарын кайтарып берүү.
"Борбор кырдаалга көз салып, жарандардын укуктарын коргоо үчүн чараларды көрүүнү улантууда. Ушундай көйгөйлөргө туш болгондорду керектүү маалымат жана жардам алуу үчүн борборго кайрылууга чакырабыз", — деп жазылат маалыматта.
Чет өлкөлөргө ишке орноштурууну убадалаган шылуундар көбөйгөнү айтылды