Операцияга муктаж бейтаптарга боорун берген донорлордун бири үйүнө чыгарылды

Өлкөдө 17 миңдей адам боор оорусунан жапа чексе, анын жарымы трансплантацияга муктаж.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Трансплантацияга муктаж бейтапка боорун берген донордун бири үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
1 / 2

Маалыматка ылайык, 15 күн бою ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн

2 / 2

Натыйжада донордун жана реципиенттин боорлору туура иштеп жатканы белгилүү болгон

Маалыматка ылайык, 15 күн бою ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада донордун жана реципиенттин боорлору туура иштеп жатканы белгилүү болгон.
"Боорду алмаштыруу операцияга чейинки текшерүүлөрдү жана андан кийинки реабилитациялык мезгилди кошкондо 50 миң долларды түзөт. Бул олуттуу чыгым президенттик фонддун эсебинен жабылып, чет өлкөдө дарыланууга мүмкүнчүлүгү жокторго операция жасоого жол ачат", — деп жазылган малыматта.
Ошондой эле өлкөдө 17 миңдей адам боор оорусунан жапа чексе, анын жарымы трансплантацияга муктаж экени белгиленген. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги июлда дагы төрт адамдын боорун алмаштырууну мерчемдеп жатканы айтылды.
Өлкөдө майдын этегинде алгачкы жолу чучук жана боор алмаштырылат