ӨКМ: Баткенде селден улам эвакуациялангандар үйлөрүнө кайта баштады

Бүгүн Кадамжай районуна, Катраң жана Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Баткенде үй-жайын суу каптап эвакуациялангандар үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда аймактагы селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
Эске салсак, кечээ катуу жааган жамгырдан улам Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунда сел жүргөн. Натыйжада 50гө чукул үйдү, жүздөн ашык огород, социалдык объект жана инфраструктураларды зыянга учураткан.
Мындан тышкары, Кадамжай районунун Жеңиш айылынан 1000ге жакын, Баткен районунан 7 үй-бүлө (27 адам) коопсуз аймакка көчүрүлгөн.
Бүгүн Кадамжай районуна, Лейлектин Катраң жана Баткендин Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Таласта мөндүр 50 гектардан ашык эгин талаасын талкалап кетти