Чүй: чогуу жашаган аялды сабап өлтүрдү делген киши кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Аламүдүн районунда (Чүй облусу) аялдын сөөгү табылып, анын өлүмүнө чогуу жашаган киши шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
"42 жаштагы аялдын сөөгү Кара-Жыгач айылындагы арыктын жанынан табылган. Бул окуя боюнча иш козголуп, аны менен чогуу жашап жана иштеп жүргөн 38 жаштагы киши кылмышка шектелип кармалган. Аял токмоктон улам каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө уланып жатканы кошумчаланды.
Каракчылыкка шектелген жаран Польшадан Кыргызстанга экстрадицияланды