Акылбек Жапаров иш сапары менен Кытайдын Үрүмчү шаарына барды

Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Кытайдын Үрүмчү шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Кытайдын Үрүмчү шаарына барды

2 / 2

Сапардын алкагында өкмөт башчы "Кытай — Евразия ЭКСПО" VIII эл аралык көргөзмөсүнө катышат

Сапардын алкагында өкмөт башчы "Кытай — Евразия ЭКСПО" аталышындагы VIII эл аралык көргөзмөгө катышат. Анын жүрүшүндө ЭКСПОго катышкан өлкөлөрдүн делегация башчылары менен жолугуп, көргөзмөгө коюлган продукциялар менен таанышат.
Ошондой эле минкаб төрагасы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун жетекчилиги жана корпорация башчылары менен жолугат. Бир катар маанилүү документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Жапаров: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу тышкы карызды көбөйтпөйт