Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Севастополго жасалган чабуулга ким жоопкер экенин билбестигин айтты

Россия Украинага аскердик техника жөнөтүү абалды жөнгө салууну татаалдатып, НАТОну жаңжалга түз аралаштырып жатканын эскертип келет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. АКШ өткөн дем алышта Севастополго жасалган ракеталык чабуулдун артында ким турарын билбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер айтканын РИА Новости жазды.
"Жасалган кол салуу боюнча эч кандай баа бере албайбыз, ага ким жоопкер экенин да айта албайбыз", — деген Миллер брифингде.
Эскерте кетсек, Севастополь шаарына 23-июнь күнү АКШнын ATACMS ыкчам-тактикалык ракеталары менен чабуул жасалган. Россиянын абадан коргонуу системасы төртөөнү атып түшүрүп, бешинчиси асмандан жарылып кеткен. Анын бөлүктөрү жерге кулап, жай тургундардын өлүмүн шарттады. Акыркы маалымат боюнча, 153 киши жабыркап, анын 79у ооруканаларга жаткырылган. Төрт киши каза тапты, анын экөө — балдар.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров беларустук кесиптеши Сергей Алейник менен жолугуп жатып, ракеталык чабуулга АКШ менен Украинанын тиешелүүлүгү күмөн жаратпай турганын белгилеген.
Ал арада Американын мамлекеттик катчысынын орун басарынын милдетин аткарган Жон Басс АКШ бардык эле жаңжалда карапайым элдин өлүмүнө дайым өкүнүп келерин белгилеп, ошол эле маалда Россияга Украинада "катаал" согуштук аракеттерди жүргүзүп жатат деп кине койгон.
Аткаминердин айтымында, Украина Батыш берген курал-жаракты ырааттуу, тартип менен колдонуп жатат.
Россия Украинага аскердик техника жөнөтүү абалды жөнгө салууну татаалдатып, НАТОну жаңжалга түз аралаштырып, "от менен ойноп" жатканын эскертип келет. Сергей Лавров Киевге делген жүктүн бардык түрү РФ армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын бир нече ирет белгилеген болчу. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип тим болбостон, Улуу Британия, Германия жана Италияда кадрларды даярдап да конфликтиге аралашып келет. Кремль Батыштын Украинага курал-жарак жеткириши сүйлөшүүгө кедергисин тийгизерин эскерткен.
Сергей Лавров: Крым менен Севастополь кимге таандык деген суроо жабылган