26-июнга карата аба ырайы

26-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. 26-июнь, шаршембиде, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +33...+38, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын жергесинде +19...+24 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +33...+35, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
ӨКМ сел жүргөндө сактай турган эрежелерди эскертти