2026-жылга чейин доллардын курсу кандай болот? ЕӨБдүн божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Сомдун курсу долларга карата жылына үч пайызга төмөндөйт. Бул тууралуу Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) божомолунда айтылат.
ЕАӨБ талдоочулары быйыл сомдун курсун 88-91 сом деңгээлинде болорун болжошууда. Буга Улуттук банктын курстун кескин өзгөрүшүн текшилөөгө багытталган валюта саясаты өбөлгө түзөт. Узак мөөнөттө фундаменталдык факторлордун таасири сомдун жылына болжол менен 3 пайызга арзандашына алып келет.
Жылдар боюнча доллардын болжолдуу курсу:
2024-жыл — 89,4 сом;
2025-жыл — 92,6;
2026-жыл — 94,9.
Кыргызстандан чет өлкөгө которулган акчанын көлөмү азайды