Илимий даражасын жактатпай, көрө албастар далай сындырышкан. Четин Жумагуловду эскерүү

Sputnik
Чыгаан түрколог жана көөнө жазма булактарын түп нускасында окуп иликтей алган бирден-бир окумуштуу Четин Жумагулов 23-майда 87 жашында дүйнө салды. Орто кылымдардагы жазма маданияттын эстеликтерин ырааттуу иликтеп келген мээнеткеч илимпоз болгон. Профессор Четин Жумагулов 200гө жакын илимий эмгектин автору катары илимге чоң эмгек жасаган.
Тилчи, түрколог, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1998), Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2006); Туркиянын лингвистика коомунун ардактуу мүчөсү (2000). Четин Жумагулов 1937-жылдын 3-мартында Чүй областындагы Кант районунун Четинди айылында туулган.
“Туяк” программасынын меймандары биздин бүгүнкү каарманыбыздын инсандык жогорку интеллектин, адамкерчилигин, тазалыгын, жөнөкөйлүгүн белгилөө менен илимге жасаган ат көтөргүс эмгегине жана көрө албастардын айынан кандай көйгөйлөргө кабылганын ачык айтып беришти.