Антибиотикке туруктуулук адамзаттын келечегине кандай кооптуулук жаратат?

Sputnik
Антибиотиктер көбүнчө бактериялар козгогон ооруларда колдонулат. Тилекке каршы антибиотикти туура эмес колдонуунун кесепетинен кээ бир бактериялар антибиотикке туруктуу болуп калат. Бул каражаттын көп сарпталышына гана жол ачпастан кээде бейтапты да жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ал бактериялар суу, тамак-аш аркылуу да жугат. ДССУнун божомолу боюнча, адамзат антибиотиктерди туура эмес пайдалана берсе 2050-жылы бактериялардын дарыга туруктуулугунан улам 100 миллион бейтап каза болуп кетиши мүмкүн. Учурда дүйнөдө антибиотикке туруктуу келгендиктен жылына 200 миңден ашуун киши өлөт. Акыркы он жылдын ичинде антибиотиктерди колдонгондор 36 пайызга өстү. Аларды Россия, Кытай, Индия, Бразилия мамлекеттери көп пайдаланат. Бул көрсөткүчтөр Кыргызстанда дагы анча жакшы эмес.
Спикерибиз Дамира Ашыралиева жогорудагы маанилүү маселелерди талкуулап, суроолорубузга жооп берип, антибиотиктердин туруктуулугу тууралуу кенен маалымат берди.