"Шериктештиктин балдары" эл аралык маданий-билим берүү форумуна даярдык жогорку деңгээлде.

Sputnik
25-июндан 4-июлга чейин "Шериктештиктин балдары" эл аралык маданий-билим берүү форуму Чолпон-Атада өтөт. Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Тажикстандан балдар келип, улуттук каада-салттарын көргөзүшөт.Форум алгачкы жолу Кыргызстанда уюштурулган. Быйыл форумга даярдыктар тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Элдар Сулайманов айтып берди.