Ысык-Көлдө гидроциклдерге тыюу салуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Гидроциклдердин катышуусунда кырсыктар катталып, адам өлүмүнө кептеп жатканынан улам мыйзам долбоору иштелип чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Элдар Сулайманов демилгелеп, Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды.
"Акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында гидроциклдер катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен адамдардын өмүрү кыйылууда. Гидроциклдер көлдүн экологиясына дагы терс таасирин тийгизип жатат. Андыктан Ысык-Көлдүн аймагында гидроциклдер эс алуу же спорттук багытта пайдаланылса айып пул салуу сунушталууда", — деп жазылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Мыйзам долбооруна ылайык, гидроциклдерди колдонгону үчүн жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салынат. Бул аракет кайталанса жеке жактарды 15 миң, юридикалык жактарды 20 миң сом айыпка жыгуу сунушталууда.
Көлдө катамаран менен 3 чакырым алыс сүзүп кеткен 17 киши куткарылды. Сүрөт