Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Кыйын абал түзүлдү". Украинанын Чалгын кызматынын башчысы түйшөлүүдө

Киевдин башкы чалгынчысы май айында Харьков облусундагы кыйын кырдаалдан улам Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жеке түзүмүнүн кору эң төмөнкү чекке жеткенин билдирген эле.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов* Украина күчтөрү үчүн фронтто кыйын кырдаал түзүлгөндүгүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Абал бир топ эле кыйын экени боюнча жаман кабар бар. Ал кеминде бир айга чукул ушундай турат, андан кийин деле оңой болуп кетпейт", — деген башкы чалгынчы Philadelphia Inquirer басылмасына берген маегинде.
Муну менен катар эле Россия менен тынчтык сүйлөшүүгө каршы экендигин билдирген. Ал май айында Харьков облусундагы кыйын кырдаалдан улам Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жеке түзүмүнүн кору эң төмөнкү чекке жеткенин билдирген эле.
Украинанын башкы командачысы Александр Сырский 5-июнда Курахов, Купянский жана Харьков жана ДЭРдин Красноармейск багытында кыйын абалга кептелишкенин айткан.
РФтин Коргоо министрлиги мурдараак россиялык аскердик күчтөрдүн "Центр" тобу ДЭР боюнча тактикалык абалын бир топ жакшыртып алганын белгилеген.
* Росфинмониторингдин террорчулар жана экстремисттер боюнча тизмесине кирген киши
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Чалгын кызматы: Батыш Зеленскийди кетирүүгө камынып жатат